Home 🎬 Bollywood 🎵 Pakistani 🎤 English Pop

Tompa eken

👤 De Lyckliga Kompisarna 🎼 DLK ⏱️ 2:18
🎵 1518 characters
⏱️ 2:18 duration
🆔 ID: 15602168

📜 Lyrics

Жамгыры коңур күздүн,
Төгүлүп турду бүткүн.
Колчатыр кармап алып,
Сен мени билем күттүң,
Бүгүн да мени күттүң.

Жайнаган каректериң,
Карагым келет дедиң.
А башка сөздөрүңдү,
Укпашым керек менин.
Дүйнөңүз таптаза экен,
Көзүңүз башкача экен.
Дегенде, мен ойлодум,
Сүйөм деп айтпаса экен.
Чын эле, чын элең ай,
Сүйөм деп айтпаса экен.

Ак жамгыр майдаланып,
Апапак карга айланып,
Ушул кеч мени күткөн,
Баратты таңга айланып.
Баратты таңга айланып.

Дүйнөңүз таптаза экен,
Көзүңүз башкача экен.
Дегенде мен ойлодум,
Сүйөм деп айтпаса экен.
Чын эле, чын элең ай,
Сүйөм деп айтпаса экен.

Жайнаган каректериң,
Карагым келет дедиң.
А башка сөздөрүңдү,
Укпашым керек менин.

Дүйнөңүз таптаза экен,
Көзүңүз башкача экен.
Дегенде мен ойлодум,
Сүйөм деп айтпаса экен.
Чын эле, чын элең ай,
Сүйөм деп айтпаса экен.
Чын эле чын элең ай,
Сүйөм деп айтпаса экен.

⭐ Rate These Lyrics

Average: 0.0/5 • 0 ratings